185 чарчы метр, эки бөлмөлүү апартамент Дубайдын таанымал райондорунун бири Пальма Жумейрадагы имаратта жайгашкан.
2000-жылдары байманалуулар үчүн курулган пальма дарагына окшош жасалма аралдардын архипелагынан турган жерде турак-жай имараттары, виллалар, люкс мейманканалар жана ресторандар жайгашкан.
Батир жайгашкан “Ал Анбара” имараты - Shoreline Apartments деп аталган 20 имараттуу комплекске кирген 11 кабаттуу мунара. Апартамент пальманын жалбырактарынын биринде жайгашкан.