Биргеликтеги иликтөө
Активдердин тизмесине кайтуу
Кыймылсыз мүлк: Маданият/дин
Аймактык ислам борбору
Баасы
15 000 000 $
Жайгашкан жери
Түркстан, Казакстан
Макамы
Курулуп жатат
Акча адалдоого байланышы
$1.5 миллион
Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити алардын Казакстандагы компаниясына чыгарып кеткен. Бул компания баштапкы девелопердин кожоюндарынын бири.

2019-жылдын декабрында Казакстандын Эгемендүүлүк күнүнүн алдында өлкөнүн байыркы шаарларынын биринде жаңы ири курулуш долбоору башталган. Долбоордун пайдубалын түптөө салтанатына ошол кездеги премьер-министр Аскар Мамин катышкан.

5000 кишиге ылайыкташкан мечити бар Исламды изилдөө жана жайылтуу борбору аянты 20 миң чарчы метрлик жер тилкесинде курулуп жатат. Анын аймагында дин мектеби, китепкана жана жыйындар залы кошо курулат. «Түрк дүйнөсүнүн руханий калаасы» деп аталган Түркстандын кире беришинде Тимуриддер дооруна таандык стилдеги мечит курулууда. Аны 15-кылымда Самаркандда курулган Биби-ханым мечитине окшоштурса болот.

Бул долбоорду коңшулаш Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин белеги деп атап жүрүшөт. Казакстандык жана өзбекстандык маалымат каражаттары курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу ондогон макалаларды жарыялап, аларда Түркстан администрациясынын сөздөрүнөн үзүндүлөрдү келтирип, «уникалдуу» долбоор «эки шаарды көркүн ачат» деп кайталап келишет. Ошол эле учурда алар Мирзиёевдин марттыгын баса белгилегенди дагы эстен чыгарышпайт.

Долбоордун демилгечиси Мирзиёев экенине карабастан, курулуштагы маалымат тактасына ылайык, долбоорду ишке ашырууга Абдукадырлар жооптуу. Абдукадырлар ээлеринин бири катары чыгып жаткан компания девелопер деп көрсөтүлүп жүрөт. Ал эми үй-бүлөнүн дагы бир башка фирмасы курулуш ишин жүргүзөт.

Башында долбоорду 2021-жылы бүткөрүп берүү пландалган. Бирок 2022-жылдын майында курулушчулар журналисттерге курулуш “быйыл араң аягына чыгышы керек” деп айтышкан.

Каржы булагы белгисиз. «Түркстан» ЭЭАнын сайтына ылайык, долбоордун бюджети 15 миллион долларды түзөт. Бирок толук наркы кыйла жогору болушу ыктымал.

Азыркы девелопер: Хаус Девелоп (House Develop) (Казакстан)
  • Хаус Девелоптун (House Develop) ээси Мүбрем Иншаат Дыш Тижарет (Mübrem Insaat Dis Ticaret) (Түркия) жана Рузахун Атуш.
    • Мүбрем Иншаат Дыш Тижарет (Mübrem Insaat Dis Ticaret) Хабибула Абдукадырдын эки иниси Наби Хадирге (Неби Палван деген ысым менен белгилүү) жана Алимужан Хадирге (Алимбек Палван деген ысым менен белгилүү) таандык. Дагы бир ээси Юсуф Палван — алардын тууганы болушу ыктымал.
    • Рузахун Атуш – Кытайдан чыккан түркиялык ишкер жана Абдукадырлардын өнөктөшү. Анын Абдукадырлар менен кыймылсыз мүлк тармагында бир нече орток долбоорлору бар. Алардын айрымдарында үй-бүлөнүн өнөктөшү болуп, кызыкчылыгын коргойт. Рузахун Атуш туугандары менен Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаитиден каражат алып турган.
Баштапкы девелопер: ФЕБ Түркстан (FEB Turkestan) (Казакстан)
  • ФЕБ Түркстан (FEB Turkestan) — ЭЙБИ-АЙ (AIBI-I) атайын финансылык компаниясына (Казакстан), Рамазан Шахинге, ошондой эле Сабит Асимкул деген казак жаранына таандык. Рамазан Шахин — түрк ишкери. Ал эбактан бери Казакстанда бизнес кылып келет. Анын Абдукадырлар менен кыймылсыз мүлк тармагында бир нече орток долбоорлору бар.
    • ЭЙБИ-АЙ (AIBI-I) атайын финансылык компаниясына Хабибула Абдукадырдын кызы — Аланур Хабибула жана Миран Инкорпорейтед (Miran Incorporated) (АКШ) фирмасы ээлик кылат.
      • Миран Инкорпорейтед (Miran Incorporated) юридикалык жактардын ээлери тууралуу маалымат ачык көрсөтүлбөгөн Невада штатында катталган. Компанияны Хабибула Абдукадырдын уулу Айбибула Паливанмухаймаити башкарат.
Сүрөт: OCCRP
Акча адалдоого байланышы
$1.5 миллион
Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити алардын Казакстандагы компаниясына чыгарып кеткен. Бул компания баштапкы девелопердин кожоюндарынын бири.