Абдукадырлар ээлик кылып, он жылдан ашык Миран Интернэшнлдын бренди менен иштеген отель мамлекеттик көркөм сүрөт музейинен алыс эмес жерде, Ташкенттин борборунда жайгашкан. Анын Өзбекстандын башкаруучу элитасы менен дагы байланышы бар: акыркы бир нече жыл ишкананы президент Мирзиёевдин күйөө баласы Ойбек Умаровго таандык компания башкарган. Умаров — эл көзүнө көрүнгөндү анчейин жактырбаган бай бизнесмен.
Учурда отелди реконструкциялап, Свиссотель Ташкент деген жаңы аталыш менен ачууга даярдап жатышат. Бул Аккордун бренди. Аккордун пресс-релизине ылайык, отелдин 173 номери, ошондой эле «ден соолукту чыңдоочу түрдүү жайлары менен ресторандары» болот. Ачылышы 2023-жылдын үчүнчү кварталына мерчемделген.
Бул долбоор Абдукадырлар менен француз мейманкана оператору кол койгон, үч мейманкананы камтыган макулдашуунун бир бөлүгү.
Аккор комментарий берүү тууралуу өтүнүчкө жооп берип, өзбек өнөктөштөрүнө карата “дыкат текшерүү процедурасын колдонгонун” жана компания “колдонууга жарамдуу эл аралык санкциялык режимдерди жана ачык булактардагы сот чечимдерин анализдеген беделдүү эл аралык дью-дилиженс агенттиктеринен маалымат аларын” билдирди.
Компания OCCRP уюмунун Абдукадыр үй-бүлөсү тууралуу буга чейинки макалаларынан “кабардар” экенин ырастаган. Буга байланыштуу кошумча комментарий берген эмес.