Акча адалдаганын мойнуна алган Айеркен Саймаити бир нече жыл мурда Хабибула Абдукадырды жана анын үй-бүлөсүн Борбор Азиядагы ири аткезчилик империясын башкарат деп айыптаган. Андан бери бул үй-бүлө инвестор катары бир нече ири долбоорлорго аралашты. Абдукадырлар мейманканаларды, соода комплекстерин, мечиттерди жана маданий борборлорду куруп жатат. Алардын арасында жеке мүлкү, виллалары жана көрктүү конуштардагы турак-жайлары да бар. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы бул үй-бүлөгө байланышы бар активдердин тизмесин бул баракчадагы интерактивдүү базадан көрүңүз.
Авторлор “Озодлик” радиосу, OCCRP, «Клооп» жана «Власть» басылмалары